Бүгүн, 30-мартта Түркиянын Бурса шаарында "Бурса түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2022" аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Ага түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов да катышты.
Иш-чара алгач Бурса шаарындагы Орхангазы күмбөзүндө башталды. Анда 5 мамлекеттен келген түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү алгач кароолдун алмашуусуна күбө болуп, андан соң күмбөздүн ичине кирип куран окуп чыгышты.
Иш-чара андан ары уланып, 5 мамлекеттен атайын келген өкүлдөр Бурса шаарынын көчөлөрүндө маданий жөө жүрүштө басышты.
Алардын арасында Кыргызстандан да келген "Акак" комузчулар тобу бар.
Маданий жөө жүрүш министрлердин Нооруз майрамына арналган оттон секирүү, балка менен темир чабуу жана Бурса шаарынын мэринин сөз сүйлөшү менен аяктады.