Володимир Зеленський Украина мындан ары кооз сөздөргө ишенбей турганын айтты

Украинанын президенти Володимир Зеленський Telegram аркылуу элге видео кайрылуусун жарыялап, анда өлкө мындан ары чет элдик өнөктөштөрдүн кооз убадаларына ишенбей турганын айтты.

"Биз эч кимге ишенбейбиз. Эң негизгиси биз мындан ары кооз сөздөргө ишенбейбиз. Украина эч нерседен баш тартпайт. Биз жерибиздин ар бир метри үчүн, ар бир адам үчүн күрөшөбүз”, - деди Зеленський.

Ошондой эле Зеленський кайрылуусунда Орусия менен кырдаал курчуп жаткандыктан Украина эч бир талабынан баш тартууга ниети жок экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан