Орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун 600 миң евро болгон кымбат баалуу брондолгон унаасы Евробиримдик киргизген санкциялардын алкагында Сардиния аралында конфискацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кара түстөгү Mercedes-Maybach S650 Guard унаасын Порто-Серво полициясы Коста Смеральдада конфискациялады. Ал жакка жашыруун сапарлар менен барган Орусия президенти Владимир Путинди бул унаа менен Сардинияга алып барып жүргөндүгү болжолдонууда. Сардиния орус олигархтарынын сүйүктүү жери.
Буга чейин Германияда Алишер Усмановдун 156 метрлик яхтасы конфискацияланган.