Бишкекте өлкөдөгү бюджеттер аралык мамилелердеги реформаларды талкуулаган тегерек стол өтүп жатат

Бишкек шаарындагы "Орион" мейманканасында "Кыргыз Республикасындагы бюджеттер аралык мамилелердеги реформалар: көйгөйлөр жана өнүгүү перспективалары" аттуу тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чара Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу тарабынан уюштурулган.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана бул багыттагы атайын эксперттер катышып жатат.

Иш-чаранын негизги максаты - Кыргыз Республикасындагы бюджеттер аралык реформаларды өнүктүрүүнүн маанилүү жыйынтыктары боюнча ой бөлүшүү, кийинки этаптарын талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан