Бишкектеги №2 көп профилдүү клиникалык ооруканада, тагыраагы Исманкуловдун менчик клиникасынын чатырын оңдоо иштери башталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Бишкек шаарынын №2 клиникалык оорукананын экинчи корпусунун фасады жана чатыры оңдолуп жаткандыктан бейтаптардын коопсуздугу үчүн имаратты жабуу зарылчылыгы келип чыккан", - деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги оңдоо иштери жүрүп жатканына карабай Алмазбек Исманкулов клиниканы бошото электигин билдирди.
Белгилей кетсек, 10-мартта Алымкадыр Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айткан. Бирок имарат бошотулбаганына байланыштуу клиникага мөөр басылган. Кийинчерээк министр Исманкулов отурган имараттын эшигин ширеттирип салганын айткан.