Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган Б.Ж. аттуу блогер бир айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот шектүү Б.Ж.га карата 26-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.
Маалымат үчүн:
Белгилей кетсек, журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.
Арзыгүл Галымбетова "AKИpress" маалымат агенттигинде корреспондент болуп иштеп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды чагылдырып келген.
Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган.