Өлкө аймагында жазгы-талаа иштери менен катар көчөт отургузуу кызуу жүрүп жаткан учуру. Бирок көчөт отургузуу иштеринде айрымдар көчөттү туура тандап, отургузууда кыйынчылыкка учурап келерин айтып, көп кайрылышат.

Борбор Азия багбандар биримдигинин жетекчиси Абдулла Ташиев кандай тартипте көчөт отургузуу керек экендигин жана анын ыкмалары тууралуу SUPER.KG порталына маек куруп, кеңештери менен бөлүштү.
Көчөт отургузууда багбандар эң биринчи катачылыкты көчөт тандоодо кетирет. Себеби учурда аткезчилик жолу менен сапаты начар көчөттөр алынып келип, сатылып жатат. Андан сырткары өзүбүздүн өлкөдө да өндүрүлгөн сапатсыз көчөттөр бар. Ал эми багбандар дал ушул көчөттөрдү сатып алып жатышат. Ошондуктан Европанын, анын ичинде Түркиянын көчөттөрүн алып отургузуу керек. Анткени бул көчөттөр экинчи жылы түшүм бере баштайт. Мындан сырткары да дүйнө жүзүнө сатылып жаткан мыкты сорттордон болуп саналат.

Көчөттөрдү отургузуу учурунда да катачылыктар болот. Себеби бизде жер казат десе эле калпактай жерди казып туруп, тамырды коюп коёт. Мисалы, жарым карлик тибиндеги алма көчөттөрүн отургузгандар бар. Анын тамыры 1 метр гана болгондуктан суукта үшүп калат. Ошондой эле климаты жайкысын ысык келген аймактарга кышкы алмаларды отургузуп алгандар да жок эмес. А чындыгында андай кылган болбойт. Мындай катачылыктар маалымат жоктугунан келип чыгат. Маселен, биз Телеграмда “Борбор Азия багбандар биримдиги” аттуу канал ачып алганбыз. Ал жакта ар өлкөдөн катталган тажрыйбалуу 18 миңдей багбан, агрономдор бар. Алардан да кеп-кеңештерди сураганга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Мындан сырткары, көчөт отургузуу алдында алгач жерге анализ жүргүзүү зарыл. Андан соң гана көчөт тандоого өтүш керек. Аны көчөдөн же базардан сатып алууга болбойт. Отургузула турган көчөттөрдүн өзүнүн тийиштүү сертификаты бар болушу керек.

Биздин өлкөнүн климатына карап кандай көчөттөрдү отургузса болот?
Өлкө аймагында көчөттөрдү алты ай аралыгында отургуза берсе болот. Ошондой эле көчөттөрдү ар ким өз аймагындагы климатка карап отургузушу керек. Мисалы, Чоң-Алай, Алайкуу, Чаткал, Түп сыяктуу аймактарда бадалдууларды тиккенге көңүл буруу керек. Дегеним, чычырканак, карагат, малинанын көчөттөрүн отургузса болот. Ал эми түштүк тарапта мисте, бадам, жаңгак, фундук, андан сырткары кара өрүк, шабдаалы өңдүү эрте быша турган жемиштерди отургузууга болот.
Көчөттү отургузгандан кийинки аракеттер да чоң ролду ойнойт. Маселен, суусун өз убагында куюп, мал-жандыктан сактоо керек.