Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Дүйнөлүк банк өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Анда өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду өнүктүрүү, анын ичинде калктын социалдык аярлуу катмары үчүн долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле Бишкек шаарында 8-апрелде өтүүчү «Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторун трансформациялоо» аттуу энергетикалык форумга даярдык көрүү боюнча уюштуруу маселелерин талкуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан