Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева 31-марттан 1-апрелге чейин эки күндүк иш сапары менен Ош жана Баткен облустарына барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын биринчи күнү, 31-мартта "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун Лейлек районундагы филиалынын, тактап айтканда аталган райондун Арка–Токой чарбасына караштуу Катта-Туз участогунун ишмердүүлүгү жана ал жерде өндүрүлүп жаткан нефть жана газ продукциясынын абалы менен таанышат.
Андан соң, 1-апрелде парламентарий Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Маргун айылындагы Н.Баетов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышууга ниеттенүүдө. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы видеоконференция байланышы аркылуу катышат.
Мындан тышкары депутат Камила Талиева Лейлек районунун чек ара аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен актуалдуу маселелерди талкуулайт.