Султан Раев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчылыгына шайланды

Бурса шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин жыйынында Султан Раев бир добуштан түрк дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу уюм, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп шайланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анкара шаарында штаб-квартирасы жайгашкан ТЮРКСОЙ эл аралык уюму 1993-жылы негизделген.

Бул уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан мүчө болуп саналат.

Ал эми Венгрия, Молдова, ошондой эле Орусиянын бир катар субъекттери (Татарстан Республикасы, Алтай Республикасы, Саха Республикасы, Башкортостан Республикасы жана Хакасия Республикасы) байкоочу макамына ээ.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун негизги максаты түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу.

Белгилей кетсек, эл аралык белгилүү уюмду тарыхта биринчи жолу кыргыздын белгилүү маданият жана коомдук ишмери Султан Раев жетектейт.

Бул эл аралык уюмду буга дейре Азербайжандын белгилүү искусство ишмери, атактуу ырчы Полад Бюль-Бюль оглы, Казакстандын маданий жана коомдук ишмери Дюсен Касеинов жетектеп келген.

Кыргыз мамлекетинин белгилүү маданий ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чет элдик жана эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктын ээси Султан Раевдин аталган эл аралык уюмдун башкы катчысы каиары шайланышы маданий жана эл аралык мамилелер жаатындагы Кыргызстандын чоң жеңиши катары бааланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан