Ош облусунда жазгы талаа жумуштары боюнча облустук штаб өткөрүлдү

Бүгүн, 31-март күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев сезондук айыл чарба талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында аткарылып жаткан иштер боюнча облустук штаб өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында Ош облусунун райондорундагы жазгы айдап-себүү, жазгы сугат мезгилине өз мөөнөтүндө даярдыктарды көрүү максатында канал-арыктарды тазалоо иштери жана райондордун аймагындагы мал базарларды тартипке келтирүу маселелери каралды.
Облустук штабка райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчылары катышып, тапшырмаларды алышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан