
Бүгүн, 31-мартта Ош шаарынын мэри
Алмаз Мамбетов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси
Чарльз Эдмунд Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүү, кургатылган мөмө-жемиштерди жана балды британ рыногуна экспорттоо маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча макулдашууга жетишилди.