Бишкектеги тойканада "Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси болуп өттү

Бишкектеги тойканалардын биринде "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында "Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси болуп өттү.

"Китеп-Той" алгач Улуттук гвардиянын аскердик оркестринин аткаруусунда гимн менен башталды. Андан соң Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков келген конокторго ак батасын берип, иш-чараны ачып берди.

Кечеге депутат Нуржигит Кадырбеков, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, төкмө акын Баян Акматов баштаган бир топ өнөр адамдары келишти.

"Иш-чаранын максаты - жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу. Ошондой эле тойлорго жаңы форматты, тактап айтканда, кыргыздын салтын колдонуу менен руханий-интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу максатында бул кечени уюштурдук. Китеп той буга чейин да өлкө аймактарында 7-8 жолу болуп өткөн. Иш-чарага күнү-түнү дебей туура 20 күн даярдык көрдүк", - деди аталган долбоордун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков.

"Китеп той жогорку деңгээлде өттү. Анын үстүнө тойканада өткөнү да мага жакты. Маселен, дайымкы болгон тойлордогу ысырапкорчулук бүгүнкү кечеде болгон жок. Мындан кийин да тойканалар ушундай иш-чараларга өтүшү керек. Анткени жаштар өздөрү тойго акчасын төлөп кирип, ал ортодо ашказаны менен биргеликте рух казанын да толтуруп кетишет. Аларды ушундай жаңы нукка буруп, ойготуш керек", - дейт коомдук ишмер Жумадил Эгембердиев.

Аталган саамалык 600гө жакын окурман, китеп сүйүүчүлөрдүн катышуусунда бүйүр кызыткан программалар менен коштолду. Иш-чаранын алкагында беделдүү инсандардын акыл-насааттары, көркөм ырлар, сахналаштырылган көрүнүштөр орун алды.

Ал эми баштан аяк алып баруучулук милдетти Эрлан Смайл уулу аркалады.

Иш-чара дээрлик 4 саатка созулуп, кызыктуу оюндар, ыр, бий, фуршет жана китеп жарманкеси менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан