Таанылбаган мамлекеттин бийлиги Орусиянын курамына кирүүгө макул болду

Түштүк Осетиянын президенти (Закавказьедеги таанылбаган мамлекет) Анатолий Бибилов элге кайрылуусунда Орусия менен биригүү республиканын стратегиялык максаты экенин жарыялады. Мындай маалымат аталган өлкөнүн президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Бибиловдун айтымында, Орусияга кошулуу үчүн өлкөдө референдум өткөрүү зарыл. Бул үчүн бардык мыйзамдуу кадамдар тез арада көрүлөт.

Бибиловдун айтымында, Түштүк Осетия Орусиянын курамына кирүү менен Түндүк Осетия менен биригүүнү көздөйт. Бул өлкөлөр Осетия-Алания деп аталышы мүмкүн.

Президенттин басма сөз катчысы Дина Гассиева Түштүк Осетияда референдум 10-апрелде боло турган президенттик шайлоодон кийин болорун билдирген.

Кремль Түштүк Осетияда референдум өткөрүү идеясына комментарий берди.

"Бул Түштүк Осетиянын элинин пикири жана биз ага урмат-сый менен мамиле кылабыз", - деген орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан