Өлкөдө быйыл 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, 9-классты 106 219 бүтүрүүчү аяктап жатат.
2020-2021-окуу жылында 9-классты 104 313 бүтүрүүчү, 11-классты 62 777 бүтүрүүчү аяктаган.
Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталганына байланыштуу сабактар 8-июнда аяктайт.