Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.

Билдирүүдө жазылгандай, жер титирөө 1-апрель күнү саат 05:13тө катталган.

Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбап, Косо-Терек, Кызыл-Үңкүр айылдарында 4,5 балл, Гүмкана, Көк-Алма, Жазы-Кечүү, Жай-Терек айылдарында 4 балл, Ноокен районунун Тоскоол айылында, Сузак районунун Ак-Тоок, Сары-Булак айылында, Кара-Көл шаарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан