Чүй облусунун Москва районунда катталган жол кырсыгынан 6 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Төлөк айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 6 адам (4 эркек: И.Б. 2002-жылы туулган, А.У. 2002-жылы туулган, 2 эркектин аты-жөндөрү такталууда, 2 кыз: А.Ж. 2005-жылы туулган, Ж.Э. 2001-жылы туулган) жабыркап, 2 эркек (К.Б. 2001-жылы туулган, 1 эркектин аты-жөнү такталууда) каза болгон. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон К.Б. аттуу айдоочуну чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Ал эми жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы Москва райондук ооруканага алып кетишкен.