Токтогул суу сактагычында 7 миллиард 848 миллион метр куб суу топтолду

Бүгүн, 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 848 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 173 метр куб, агып чыгышы 151 метр кубду түзүүдө.

Былтыр, 30-мартта суу сактагычта 8 миллиард 716 миллион метр куб суу болгон.

Буга чейин Акылбек Жапаров 1-апрелге карата Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн кеминде 8 миллиард метр кубга жеткирүү талабын койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан