Түркмөнстанда таксисттер унаасынын алдынкы айнегине президент Сердар Бердымухамедовдун сүрөтүн чаптап жүрүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстанда Жол полициясы Сердар Бердымухамедов өлкө башчысы болуп турганда такси айдоочуларын анын сүрөтүн унаасынын алдынкы терезесине чаптап алууга милдеттендирди.
Сердар Бердымухамедов 19-мартта ант берип, кызматка киришкенден тартып бардык мекеме-жайларда президенттин сүрөтү алмаштырылып жатат.
Эскерте кетсек, Гурбангулы Бердымухамедов өлкө башчысы болуп турганда такси айдоочулары анын сүрөтүн унаасынын ичинде көзгө урунчу жерге чаптап алууга милдеттүү болчу.
Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды 2006-жылдын бери Гурбангулы Бердымухамедов башкарып келген. 2022-жылдын 12-мартында президенттик шайлоо өтүп, Гурбангулы Бердымухамедовдун 40 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедов жеңүүчү деп табылган.