Нарын дарыясына агып кеткен сегиз жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-мартта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында 8 жашар Т.Т. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштери кечээ, 31-мартта уланып 24 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана 10 жергиликтүү тургун тартылган. Бирок кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери токтотулган.
Бүгүн, 1-апрелде издөө иштери улантылат.