Жактыбы? Милиция кызматкерлерине жаңы үлгүдөгү формалар берилүүдө (фото)

Кыргызстанда ички иштер органдарын реформалоонун алкагында милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жаӊы атайын формалар менен камсыз боло башташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Бул атайын формалар милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө (аймактык тескөөчүлөрү), жашы жетелектер менен иштөө инспекторлоруна берилет.

"Ар бир жашоочу өз көчөсүнө келген ички иштер органынын кызматкери-тейлеген милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү келгендигин формасынан таанып турушу керек. Бул өз кезегинде милиция үчүн жарандардан убагында маалымат алууга, ыкчам аракеттенүүсүнө өбөлгө түзүүчү жагдайлардын бири болот", - деп билдиришти ИИМден.

Ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кечээтен баштап жаӊы берилген атайын формада кызмат өтөөгө чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан