"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абадда жол боюнда тазаланбай турган таштанды боюнча мэрия менен айыл өкмөт жооп берди

Буга чейин “Элдик кабар” бөлүмүнө “Жалал-Абад шаарынын тургунубуз” деген адамдар кайрылып, шаардын чет тарабындагы жол чырактын ордуна колдонулуучу “Ынтымак” шакекчесинин жанында таштандылар үйүлүп, сасып турганын, мэрия тазалабай жатканын айтышкан.

Бул боюнча мэрияга байланышканыбызда, таштандылар жаткан жер шаардын сыртындагы Таш-Булак айыл аймагына караштуу экендигин айтышты.

“Таштандылар жаткан жер шаарга карабайт. Ошол айылдын айрым аймактарынын тургундары Жалал-Абад мэриясы менен келишим түзүп, таштандыларды тазалатып турушкан. Бул таштанды жаткан көчөнүн бөлүгүндөгү адамдардын мэрия менен келишими жок. Бирок мэриянын “Тазалык” кызматы айрым учурда ала кетишчү экен. Эгер келишим түзүшсө, биз ал жердеги таштандыларды убакты менен тазалап турууга даярбыз”, - дешти мэриядан.

Ал эми Таш-Булак айыл аймагынын жетекчиси Нурбек Самудинов менен байланышканыбызда, айыл өкмөттүн өзүнүн “Тазалык” кызматы жок болгондуктан шаардын “Тазалыгы” менен келишим түзүп тазалатып келишкенин айтты.

“Таш-Булак айылында “Тазалык” кызматы жок болгондуктан, айылдагы таштанды мэрия менен келишим түзүлүп тазаланып келген. Азыр Таш-Булак айылында “Тазалык” кызматы түзүлүп жатат. Бул кызмат ишке кирсе, өзүбүздүн таштандыны өзүбүз тазалап калабыз. Ал эми аталган таштанды боюнча, мен өзүм ошол таштандылар жаткан деген жерге бардым. Бул жердин мэриянын "Тазалык" кызматы менен келишими бар экен. Болгону алар жумасына 1-2 жолу келип алып кеткендиктен таштанды бир аз туруп калып, тургундар ошого нааразычылык билдирген окшойт”, - деди Самудинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан