Түштүк Кореяда КТ-1 үлгүсүндөгү эки машыгуучу учак өлкөнүн түштүгүндө кагылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсыктан үч учкуч каза болуп, дагы бирөө оор жаракат алган. Учактар Сеулдан 300 чакырымдай түштүктө жайгашкан Сачондогу күрүч талаасына кулап түшкөн. Кырсык болгон жерге 30дан ашык өрт өчүрүүчү жана куткаруучу жөнөтүлгөн.
Эске салсак, буга чейин Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин Чаншуй аэропортунан учуп чыккан Boeing 737
учагы кулап түшкөн. Учак Кытайдын Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына бармак. Бирок учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон.