Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдулла Ариповду «Ош» Эл аралык аэропортунда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Бүгүн эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Баткен облусунун Лейлек районунун Маргум айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин ачылыш салтанатына видеоконференция байланыш режиминде катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан