Кыргыз-Өзбек өкмөт башчылары Баткен облусунун Маргун айылында мектеп ачышты

Президенттин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов видеоконференцбайланыш режиминде мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мектептин ачылышы – эки элдин ортосундагы чоң достуктун символу.

"Эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү биздин кылымдар бою келе жаткан бир туугандык, достук жана коңшулук мамилелерибиздин натыйжасы болуп саналат. Баткен облусу Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө чектеш кызматташтыкты кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү жактайбыз. Өзбекстандын жетекчилигине Баткен облусуна бул билим берүү мекемесинин курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү окуя биздин бир туугандык байланыштарыбыз уламдан-улам чыңдалып, өнүгүп жаткандыгынын далили", - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу эки бир тууган элдин ортосундагы достук мамилелер чыңдала берет деп белгиледи жана Кыргыз Республикасына тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Белгилесек, мектепти куруу жөнүндө макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин жеке демилгеси боюнча 2021-жылдын 11-12-мартында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген.

330 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Долбоордун сметалык наркы 3,5 миллион долларды түзүп, ал Өзбекстан тарабынан бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан