Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын тик учактарынын Белгороддогу мунай кампага түнкү кол салуусунан жана жердеги кырдаалдан кабардар. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Белгород боюнча президентке маалымат берилди. Ал жакка Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнөтүлдү", - деген Дмитрий Песков.
Песков ошондой эле нефтебазанын убактылуу иштен чыгышынан улам күйүүчү майдын жетишсиздигин алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын баса белгилеген.
Бүгүн, 1-апрелде Орусиянын Белгород шаарындагы мунай базасын белгисиз тараптан келген эки тик учак аткылагандыгы кабарланган. Белгород шаарынын губернатору Вячеслав Гладков аба соккусун Украинанын Куралдуу күчтөрү жасаганын айтты.