Бакыт Төрөбаев агроөнөржай ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ун комбинаттарынын, өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга 20дан ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты.

Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү агроөнөржай секторунун ролун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал министрлер кабинети тарабынан агрардык секторду мамлекеттик колдоого алуу, жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо аркылуу агроөнөржай кластерлерин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

"Негизги 9 айыл чарба кластерине 10 миллиард сом бөлүнгөн. Мамлекеттик банктар жылдык 6 пайыз менен кредиттик каражаттарды бере баштады", - деди Бакыт Төрөбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө агроөнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан