УКМК Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу боюнча жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында “Хизб ут-Тахрирге” мүчөлөрүн жана тарапташтарын баш тарттыруу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаралардын натыйжасында, 2017-жылы “Хизб-ут-Тахрирдин" мыйзамсыз иштерине катышып, активдүү экстремисттик жашыруун кызматкерлери менен байланышта болгон, 1994-жылы туулган Кыргыз жараны, Бишкек шаарынын тургуну Т.у.Б. радикалдык көз караштан баш тартты.
Т.у.Б. жашаган жери боюнча процессуалдык иш-чараларды жүргүзүүдө “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун адабияттары табылган.
Т.у.Б. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен Кыргыз Республикасынын жарандарын “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.
Азыркы учурда УКМК тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.