Бишкектин мэри жылуулук берүүнү токтотуу боюнча буйрукка кол койду

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада жылуулук берүүнү токтотуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буйрукка ылайык, Бишкек шаарында апрель айына карата аба ырайынын болжолун эске алуу менен 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгили 4-апрелден тартып аяктады деп эсептелет.

Маалыматка ылайык, эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат.

Эске салсак, Бишкек шаарында жылуулук 5-октябрда бериле баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан