Балыкчы шаарынын күн батышында 10,7 километр канализация тутуму курулат. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бүгүн, 1-апрелде курулуш иштерин баштап берди. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.
Түтүктөр Тыныстанов, Тоголок Молдо, Мамбеталиев, Токтосунов, Каралаев, Калдыбаев көчөлөрү аркылуу өтүп, саркынды суулар Озерный көчөсүндөгү насостук станцияга куюлат.
Ысык-Көл облусунун жетекчиси Алтынбек Сулайманов бул долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.
"Курулуш иштери аяктаса Балыкчы шаарынын калкынын 35-40 пайызы канализацияга кошула алышат. Буга чейинки канализация тутуму шаардын 40 пайызын гана камтычу. Долбоор аяктаса шаардын 80 пайызы канализацияга туташат. Ошондой эле Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында канализация тутумдары курулат”, - деди Сулайманов.
Ал эми Балыкчы шаарынын “Сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кубан Самудинов СССР убагынан бери Балыкчыда 1 метр канализация тутуму курулбаганын билдирди.
“Бүгүнкү күн тарыхый күн десек болот. Бул көп жылдардан бери келе жаткан элдин талабы эле, бүгүн иш башталып отурат. Долбоордун жалпы суммасы 957 000 долларды түзөт”, - деди ал.