Кийинки аптада парламентте БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду кызматтан бошотуу маселеси каралат

6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду кызмат ордунан бошотуу маселеси каралат. Бул парламенттин сайтына жарыяланды.

Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Былтыр 30-декабрда Эшимов үй камагына чыккан. Ал Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына кызматтан кетүү арызы менен кайрылган. Бул маселени парламенттин 6-чакырылышы тийиштүү комитети караган. Бирок ал кийин кайра арызын чакыртып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан