Ош шаарында өткөн президенттин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
- Президенттин чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү кеңешмесинин протоколу;
- Министрлер кабинетинин жана Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди Өзбекстан Республикасы тарабынан жүргүзүү тууралуу келишим;
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө сертификаттарын өз ара таануу жөнүндө ноталар менен алмашуу.