
2-апрелде Кыргыз улуттук университетинде Евразиялык билим берүүнүн көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Көргөзмөнү Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Евразиялык кызматташтык уюму уюштурууда.
Абитуриенттерге билим берүүнүн ар кандай багыттары боюнча: техникалык, гуманитардык, агрардык, медициналык, чыгармачыл жана башка актуалдуу маалыматтар берилет.
Көргөзмөнүн катышуучулары - бул студенттерге күндүзгү формада билим алуу үчүн керектүү инфраструктурага ээ жана ошондой эле аралыктан окутуу үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр ээ болгон жогорку окуу жайлар.
Иш-чара студенттерге заманбап билим берүү программаларын, талап кылынган адистиктерди, кабыл алуу жана окутуу шарттарын көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына жогорку жана кесиптик билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.