Бишкек шаарында Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук соттору Бишкек шаарынын мэриясынын райондорунун муниципалдык администрацияларынын тиешелүү райондордун аймагына убактылуу тыюу салуу, бардык түрлөрүн өткөрүү жөнүндө токтомун мыйзамдуу деп тапты. 1-апрелден 1-июлга чейин "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды кошпогондо, орус-украин маселеси боюнча тынчтык митингдери, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды.