"Катар-2022": Германия-Испания, Бельгия-Хорватия. Дүйнө чемпиондугунун тайпаларынын бардык курамы белгилүү болду

Кечээ, 1-апрелде Доха шаарында 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык этабына чүчү кулак тартуу аземи өттү.

Чүчү кулактын жыйынтыгында Дүйнө чемпиондугунда командалар төмөндөгүдөй тайпаларга бөлүндү:

А тайпасы: Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланды;

В тайпасы: Англия, Иран, АКШ, Уэльс/Украина/Шотландия;

С тайпасы: Аргентина, Сауд Арабиясы, Мексика, Польша;

D тайпасы: Франция, Перу/Австралия/БАЭ, Дания, Тунис;

E тайпасы: Испания, Коста-Рика/Жаңы Зеландия, Германия, Япония;

F тайпасы: Бельгия, Канада, Марокко, Хорватия;

G тайпасы: Бразилия, Сербия, Швейцария, Камерун;

H тайпасы: Португалия, Гана, Уругвай, Түштүк Корея.

Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы беттешти Катар-Эквадор жубу ачып берет.

Турнир Катар-Эквадор беттеши менен ачылат. Дүйнө чемпиондугу 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан