Украинанын президенти Володимир Зеленський Fox News телеканалына берген маегинде Кытайды Украина тарапта көргүсү келерин айтты.
"Мен Кытайдын биз тарапта болушун каалайт элем. Бирок тандоо алардыкы. Менимче, АКШ менен Кытайдын ортосунда түз байланыш болмоюнча, дүйнөгө керектүү натыйжага жетишүү мүмкүн эмес", - деген Зеленський.
18-мартта Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүүдө Украинадагы кризис “Кытай көргүсү келген нерсе эмес” деп билдирген.
Ошондой эле Украинадагы кырдаал башталгандан кийин Кытай башка өлкөлөрдөй Орусияга каршы санкцияларга кошулган эмес.