Соңку сутка ичинде бир адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, каза болгон адам Бишкек шаарында катталган.
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирустан 2 миң 990 адам каза болду.