Министр Азамат Жаманкулов Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту

Маданият министри Азамат Жаманкулов Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Жолугушууда кыргыз- түрк кызматташтыгындагы маданий гуманитардык алакалар боюнча баарлашып, алдыда Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.
"Азамат Жаманкулов кыргыз тарап көчмөндөр оюндарына чоң даярдыктар менен келе тургандыгын айтып, зарыл болгон учурда аталган оюндарды өткөрүүдө бар тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди", - деп билдиришти министрликтен.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан