Акылбек Жапаров Оштогу Данги аймагына кичи ГЭС куруу долбоорун иштеп чыгууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош жана Баткен облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Данги участогунун аймагында кичи ГЭС куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Бул аймакка кичи ГЭСтин курулушу менен Ош шаарынын бир бөлүгүн көп жылдардан бери чечилбей келген ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилет.

Министрлер кабинетинин башчысы сунушталган долбоорду жактырып, бардык укуктук жана документациялык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.

Андан соң Акылбек Жапаров катарлаш жайгашкан Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуп, антикризистик чаралар, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогрулатуу, күндө керектелүүчү азык-түлүктөргө карата баалардын жогорулашына жол бербөө жана жер тилкелерин трансформациялоо боюнча министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан