Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы полктун жоокерлери (Орусия гвардиясынын курамына кирген) Мариуполдогу заводго чабуул жасай башташты. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Телеграм каналына жазды.
Анын айтымында, операцияны полктун командири Замид Чалаев жетектөөдө.
"Мен коюлган тапшырма аткарыларынан күмөн санабайм. Ооба, бул кыйын, бирок аткарууга болот. Донбасста карапайым элге көп жылдар бою жасалган кордуктун жообун берүүгө убакыт келди. Эч ким тирүү калбайт", - деп жазды Кадыров Телеграм каналына.
16-мартта Кадыров Чеченстандын атайын күчтөрү Мариуполдогу "Азовсталь" металлургиялык заводуна чабуул жасай турганын билдирген. Анын айтымында, азыр "Азовсталь" металлургиялык заводунда украин улутчул топтору жашынып турат.