Литва орус газын берүүдөн толук баш тартты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Гитанас Науседа Твиттердеги баракчасына жазды.
"Ушул айдан тарта Литвага орус газы келбейт. Эгер биз муну жасай алсак, анда калган Европа да жасай алат!", - деп жазган өлкө президенти.
"Учурдагы шарттарда Орусиянын газ үчүн рубль менен төлөө талабы маанисиз болуп калды. Анткени Литва мындан ары газга буюртма бербейт жана эч кандай төлөмдөрдү такыр пландаштырбайт", - деп айтылат Литванын Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда Литва орусиялык газдын Калининград облусуна транзитин токтото элек.