"Каалаган ролдорумду ойнодум, арманым жок". Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаевдин маектеринен үзүндү

Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Эл артисти, театр корифейи, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев 75 жашында дүйнө салды.

Заманыбыздын залкар актёру тууралуу.

Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаев 1947-жылдын 17-декабрда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. 6 бир туугандын улуусу. Алышпаев мектепти аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Бирок эки жылдан кийин Москвага барып, Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун аяктаган.

1972-жылы эмгек жолун Оштогу Кыргыз драма театрынан баштаган. 1991-1997-жылдары Чүй облустук Шаршен атындагы Куудулдар театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын жетектеген. Кинодо 20дан ашуун роль жараткан. Театрдагы образдары 100гө чамалайт, анын көбү башкы ролдор болгон.

Аткарган негизги ролдору:

Гамлет, Ричард III (В. Шекспир, «Гамлет» «Ричард III»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Алыкул (К. Мамбетакунов, «Алыкул Осмонов»), Сабитжан (Ч. Айтматов, «Кылымга тете күн»). Ныязалы («Токтогул»), Сейит Керимович (Эралиев, «Шайтандын мөөрү»), Кара кийген киши «Аномалия»). Ошондой эле Г. Гельмандын «Баары менен жекеме», Б.Карагуловдун «Бузулган уя», К. Мамбетакуновдун «Соңку жомок» телеспектаклдеринин башкы ролдорунда ойногон.

Мындан тышкары "Президент жана бомж" "Атанын керези", "Кербез" , "Кара Кыз", "Акыркы көч" жана башка кинотасмаларда роль жараткан.

Кыргыз Эл артисти "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде аны тасма талаасына Геннадий Базаров алып келгенин айтканы бар.

"Эң алгач Геннадий Базаров тарткан «Первый» деген тасмада жаш обкомдун 3-катчысынын ролун ойногом. Базаровдун көп тасмаларында башкы каармандын ролун аткардым. Геннадий Базаровго кезигип калганым үчүн тагдырыма ыраазымын. Мени тасма талаасында ушул деңгээлге жеткирген Базаров болду. Геннадий Садырович таза киши, интеллектуалдык деңгээли бийик, руханий дүйнөсү бай, адамгерчиликтүү, жөнөкөй адам. Мындай адамдар чанда жаралат. Азыр бир кино тартса жылдыз болуп кеткендер бар. Өкүнгөнүм – «Кыргызфильм» Геннадий Садыровичке арнап кино тартпаганы. Залкар режиссёрлордон жалгыз ушул киши калды. Болот Шамшиев каза болгондо «тирүүсүндө баалай албай калдык, кино тартпай калдык» дешти. Биздикилер жөн эле сүйлөй беришет. Өлгөндөн кийин ушунчалык макташат, көмгөндөн кийин унутуп коюшат. Көзү тирүүсүндө баркташыбыз керек", - деген Алышпаев.

Актёр 2018-жылы SUPER.KG порталына берген маегинде "50 жашка жакындап калганда Дилбарды биринчи жолу көрдүм. Өзүмдөн 21 жашка кичүү болгондуктан көңүлүн бурдуруу үчүн ар кандай ыр саптарын арнап, башын айлантып алдым окшойт. 5 жылга жакын кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Учурда 2 кызыбыз бар", - деп жубайы тууралуу айткан.

Жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде актёр быйыл театр тармагында иштеп жатканына 50 жыл болгонун билдирген.

"2022-жылы театрда иштегениме 50 жыл болот. Бул аралыкта 100дөн ашык роль ойнодум. Алардын көпчүлүгү башкы каармандар болду. Каалаган ролдорумду ойнодум, арманым жок", - деген маектеринин биринде.

Ошондой эле дагы бир маалымат каражаттарына берген маегинде чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө көңүл бурулбай келе жатканын айтып өткөн.

"Искусство адамдары 30 жылда ушунчалык кор болуп кетти. Орден, мамлекеттик сыйлыкты берет. Бирок сыйлык алган кишилерди мамлекет сыйлап, көтөрбөйт да. Эмне кереги бар орден берип, эгер алар үйү жок жүрсө. Кытайда, Казакстанда бизге окшогон артисттери "ханга салам бербейт". Алардын материалдык жагы чечилген. Улуттун сыймыгы катары баалап, көтөрүп жүрүшөт", - деген Алышпаев.

Үй-бүлөсү

Марат Алышпаевдин 3 уул, 2 кызы бар. Алар чыгармачылыктан алыс экендигин актёр маектеринин биринде айткан.

SUPER.KG порталынын жалпы жамааты Марат Алышпаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан