Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтүп жатат.
Анда президент билим берүү менен медицинанын деңгээлин жогорулатууну башкы артыкчылык катары карай турганын айтты. "Мамлекет башчы кызматына аттанганда республиканын бүт аймактарын кыдырып чыкканымды билесиздер. Шайлоочулар менен жолугушканымда алдыга койгон биринчи милдетим элдин жашоо деңгээлин көтөрүү керектигин айткам. Билим берүү менен медицинанын деңгээлин жогорулатууну башкы артыкчылык катары карайм. Дегеле биз эл агартуу деген түшүнүктөн алыстап баратабыз. Менин президенттик кызматка киришкендеги биринчи жарлыгым инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү болгон. Кыргыз эли эгемендик доорунда 3 ирет саясий толкундоо башынан өткөн. Кыргыз элинин кылымдар бою таянган каада-салттарына таянып өлкөбүздө жашаган бардык улуттар менен биргеликте гүлдөгөн мамлекетти курууга умтушулушубуз керек. Тарбиячылардын, мугалимдердин, дарыгерлердин статусун көтөрүүгө маани берилген. Президент болуп шайлангандан кийин ушул багытта багытталды. Азыр биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай, эгемендүү мамлекетте эркин жана бактылуу жашоонун даамын тата албай келгенибизге мен дагы кейип келем. Биз канткенде ийгиликке карай өсүү жолуна түшөбүз деп ойлоном", - дейт Садыр Жапаров.