Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтүп жатат.
"Биз бактылуу өлкөбүз, анткени артыбызда мыкты жаштарыбыз турат. Калкыбыздын 65 пайыздан ашыгы 30 жашка чейинки жаштарды түзөт. 38 пайызы 18 жашка толо элек жаштар. Мамлекеттик башкаруунун баскычы балдарга арналган. Алар глобалдык коомдогу 21-кылымда өздөрүн өтө ишенимдүү сезиш керек. Биз баарыбыз ата-энебиз. Балдарга татыктуу пайдубалды камсыз кылып берүүгө милдеттүүбүз. Азыр биз бардык күч аракетибизди социалдык тармактарга жумшап, ар бир бөбөк, өспүрүм бала үчүн сапаттуу билим берүүнү камсыз кылышыбыз керек. Максатыбыз - кыргыз элинин күчтүү муунун тарбиялоо. Бул максаттын алдында биригели", - дейт ал.