Президенттин Чүйдөгү өкүлү алмашты

Президенттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин президенттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматын аркалап келген Эркин Тентишев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу бошотулган. Ал эми анын ордуна Нурил Алымбаев дайындалган.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Президенттин жаңы өкүлүн облус кызматкерлери менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 4-апрелде тааныштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан