Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтүп жатат. Анда президент сөз сүйлөдү.
"1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сомду бөлдүк. Бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөк пулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз. Пенсияны, адаттагыдай эле ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда. Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Ушул жерден дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин. Биз бүгүн социалдык жана маданият тармактарда иштеген кызматкерлердин айлык акыларын котордук. Казынабыз толтура болсо бардык тармактардын айлык акыларын чогуу көтөрмөкпүз. Бирок сиздер, мамлекеттик кызматкерлер, жакшы билесиздер. Казынабыз ченелүү. Ошондуктан ушуга чейин чыдаган жаныңыздар дагы бир аз чыдап туруңуздар деп суранып кетет элем. Кудай буюрса, силердин айлык акыларды экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз. Ага чейин казынабызды толтуруп алалы", - дейт Жапаров.