Садыр Жапаров социалдык, маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын массалык жогорулоосу тууралуу билдирди

Бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирди.

"Берген убадабыз боюнча сөзүбүзгө туруп, бүгүндөн тартып сиздердин айлыктарды көтөрдүк. Өткөн жылы өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз. Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат. Менин жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк. Бир-эки мисал айтайын. Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы мурда 10 миң 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 миң 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү.

Нарындагы мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 миң 550 сом алса, эми 33 миң 222 сом алат. Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталды.

Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 миң 700 сом алса, эми 28 миң 239 сом айлык алат. Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9 миң сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 миң 444 сом алат", - деди мамлекет башчы.

Президент белгилегендей, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акылары да орточо эки эсе жогорулады.

"Ошондой эле ушул жерде отурган Ат-Башы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Тилек Султангазы уулуна да токтоло кетейин. Шайлоо өнөктүгү маалында сиз мага "социалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүп берсеңиз" деп кайрылган элеңиз. Бүгүн сиздин өтүнүчтү толук канааттандырдык. Билесиздер, дал ушул адамдар жалгыз бой кары-картаңдарыбызды ак ниеттен мамиле кылып карап-багып келишет, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да мээримин төгүп, камкордук көрөт. Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо — андан да көп алышат. Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Бул жерде айлык акылар категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин. Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз.

Маселен, Сузак районунун №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 миң 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 миң 718 сом ала баштайт. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт. Албетте, медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигибиз өкүнүчтүү. Келечекте дарыгерлер бир нече эсе көп айлык акы алышы керек деп ойлойм. Бул жерде суроо туулат — мындай кирешени эмненин эсебинен камсыздоо керек: мамлекеттин эсебиненби, медициналык камсыздандыруунун эсебиненби же жеке практиканын эсебиненби, же болбосо жогоруда айтылгандарды кандайдыр бир айкалыштыруу жолу мененби? Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат. Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз.

Эми билим берүү министрлигине токтололу. Министрликке быйыл кошумча 16 миллиард сомдон ашык каражат бөлүп бердик. Муну менен Билим берүү министрлиги эң көп каржыланган министрлик болуп калды. Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик. Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан