Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтүп жатат. Анда президент сөз сүйлөдү.
"Бүгүн саат 18:30да түз эфирде видеоконференция аркылуу келишимге кол коёбуз. Бүгүн иш аяктады. Тынч, эч кандай соттошуубуз жок, ажырашып жатабыз. Бардыгы биздин пайдабызга чечилип жатат. Аны түз эфирден көрөсүздөр.
30дан ашык алтын кен чыккан жерлер бар. Бардыгын өзүбүз иштетебиз деп Көчмөндөр мурасы аттуу холдинг түзгөнбүз. Ошол кендердин баарын өзүбүз ачабыз", - дейт мамлекет башчы.