Ош ШИИБинин эки кызматкери баңги заты менен кармалды

Ош ШИИБинин эки кызматкери баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизатын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош ШИИБинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош ШИИБинин милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн 4-взводунун кенже инспектору 1998-жылы туулган Т.у.А. кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда "баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан