Алмазбек Атамбаевди "Тез жардам" алып кетти

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму өттү. Андан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди "Тез жардам" алып кетти. Аны №47 абагына алып кетишти.

Белгилей кетсек, Атамбаев "Батукаевдин кылмыш иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген. Алмазбек Атамбаев учурда №47 кармоо абагында жазасын өтөп жатат.

23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан